Ооруган жана өлгөн адамдын кийимин кийүүгө болобу?
Көптөр бул суроого жооп таба албай келет. Катуу ооруп жаткан же бул дүйнөдөн өтүп кеткен адамдын жакындары алардын кийимдерин кийерин, ыргытарын же колунда жокторго берерин билбейт. Бул тууралуу woman.ru жазып чыкты.
Оору менен өлүмгө байланыштуу бир топ ырым жырымдар бар. Айрым адамдар мындай буюмдар "терс энергетика” берет деп ишенип, үйлөрүнө кармабаганга аракет кылат.
Мусулман жана христиан дининде көз жумгандардын кийимдери колунда жокторго таратылат. Алар зыян алып келерин эч ким ойлобойт.
Психологдор мындай буюмдардын, кийимдердин "магиялык" касиети жок экенине ишендирип келет. Эгеде аял чоң энесинин сөйкөсү ага ийгилик алып келерине ырымдаса, чын эле тумар катары иштейт.
Болгону оор инфекциялык жана жугуштуу оорулар менен ооругандардын кийимдерин кийгенге, сактаганга болбойт.
Ошондой эле айрым учурда психотерапевттер көз жумган адамдын буюму катуу таасирленте турган болсо, оор эскерүүлөрдү алып келсе жок дегенде оор күндөр өтүп кеткенче сактап отурбаганга кеңеш берет.
Ссылка: https://barometr.kg/oorugan-zhana-lgn-adamdyn-kijimin-kijg-bolobu
Добавить комментарий ×