Суракматов коронавируска тест тапшырды
Бишкектин мэриясынын аппаратында иштеген 2 адамдан коронавирус чыкты. Бул тууралуу мэриянын апарат башчысы Балбак Түлөбаев социалдык тармакта жазды.
"Башкы бухгалтерибиз ал отпускада болчу үйүндө. Уюуштуруу бөлүм башчысы үйүндө. Азырынча жеңил өтүп атат.
Калаа башчыбыз Азиз Суракматов жана менин анализибиз таза чыкты. Ошого карабай дүйшөнбү күнгө чейин жарандарды кабыл ала албайбыз. Аралыкта иштеп атабыз.
Маска кийгиле, аралыкты сактагыла, санитайзер колдонгула. Жабык жерлерден, эл көп чогулган жерлерден качкыла. Көр оокат деп жүрүп кокустап калбайлы.
Оору ылгабайт, эч кимди тандабайт. Абайлайлычы!", - деп жазды Түлөбаев.
Ссылка: https://barometr.kg/ooru-ylgabajt-ech-kimdi-tandabajt-abajlajlychy
Добавить комментарий ×