Күйүүчү май ташыган унаа күйүп, айдоочусу каза болду (Сүрөт)
Оор жүк ташуучу унаа күйүп, кырсыктын кесепетинен айдоочу каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
Кечээ, 12-августта Бишкек-Ош унаа жолунда күйүүчү май ташыган унаа күйүп кеткен.
"Бишкек-Ош унаа жолунун 209-чакырымында (Молдобайдын төрү тилкеси) күйүүчү май ташыган оор жүк ташуучу унаа көпүрөдөн сайга кулап түшүп күйүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен унаанын айдоочусу каза болду", - деп айтылат маалыматта.
Жерине Бишкек-Ош унаа жолунун 154-чакырымында нөөмөттө турган ӨКМдин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунан 5 куткаруучу тартылган.
Ошондой эле, прицеп-цистернасынан жана ачык аянтта куураган чөптөн чыккан өрт саат 19:00дө толук өчүрүлдү.
Ссылка: https://barometr.kg/oor-zhk-tashuuchu-unaa-kjp-kyrsyktyn-kesepetinen-ajdoochu-kaza-boldu-srt
Добавить комментарий ×