Оор абалда оруканада жаткан ӨКМ кызматкери Бишкекке тик учак менен алынып келинет

13 декабря 2022 13:16 1324 Barometr
Поделиться в:
ok

ӨКМдин кызматкерин тик учак менен Бишкекке алып келүү чыгымын кайрымдуу инсандар төлөп беришти. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Маалым болгондой, өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Жарандык коргонуунун адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борборунун аскер кызматкери, подполковник Адиль Молдоевге кайрымдуу адамдар жардам берүүгө кол сунушууда.

“12-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин кызматкерлери менен биргеликте бейтап Адиль Молдоевдин абалын жеринде көрүү жана дартына так аныктама берүү үчүн адистештирилген дарыгерлер жерине жөнөп кетишкен.
Дарыгерлер бейтаптын абалын жеринен көрүп, учурда көзөмөлгө алууда.

Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Жарандык коргонуунун адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борборунун аскер кызматкери, подполковник Адиль Молдоев кан басымы жогорулап, “Тез жардам” кызматы аркылуу Жалал-Абад облусундагы Каракөл шаардык  ооруканасына 11-декабрда  болжол менен 18:30да түшкөн.


Каракөл шаардык ооруканасынын дарыгери Сүйүналы Ыманкуловдун айтымында, бейтапты Бишкек шаарындагы атайын ооруканага алып келүүгө жана жол жүрүүгө убактылуу болбойт. Анткени, анын абалы кескин түрдө начарлап кетиши мүмкүн. Азыркы  учурда дарттын болжолдуу аныктамасы – мээдеги кан айлануунун курч мүнөздө начарлоосу жана кан басымынын жогорку көрсөткүчтө кармалышы. Ошондой эле дартка так аныктама берүү үчүн инструменталдык изилдөө (МРТ, КТ) жана  медициналык атайын адистердин корутундусун жасоо зарыл экендигин билдирген”, -деп айтылат маалыматта.




Ссылка: https://barometr.kg/oor-abalda-orukanada-zhatkan-km-kyzmatkeri-bishkekke-tik-uchak-menen-alynyp-kelinet



Добавить комментарий