Ооганстанда тик учак кулап 25 киши набыт болду

31 октября 2018 15:30 956 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Ооганстанда армиянын башында турган жетекчилерин ташып бара жаткан тик учак кулап, кырсыктан 25 киши набыт болду. Бул тууралуу Ооганстандын маалымат агенттиктери жазышты. 

Маалыматта айтылгандай, тик учактагы кырсыктан бир да адам аман калган жок. Фарах провинциясынын губернаторунун басма сөз катчысы Насер Мехдинин айтымында, тик учак 31-октябрда эртең менен тоолуу Анар Дара чөлкөмүнөн Гератка жол тарткандан көп узабай кулап түшкөн. 

Кырсыкка бийлик өкүлдөрү жаман аба-ырайы себеп болду десе, Талибан кыймылы "Биз атып түшүрдүк"-деп билдиришкен. 

Ссылка: https://barometr.kg/ooganstanda-tik-uchak-kulap-25-kishi-nabyt-boldu



Добавить комментарий