Ооганстанда талибдер тынчтык сүйлөшүулөргө карабастан чабуулду токтоткон жок

21 июня 2018 22:05 1250 Barometr
Поделиться в:
ok

Ооганстандын батышында талибдер бир нече чабуулдары аркылуу 30дан ашык аскер кызматкерин жок кылышты.

Бадгис провинциясындагы кол салууну ал жердин губернатору жана талибдер өздөрү ырастады. Бул провинциядагы чабуулдан 11 аскер өлүп, ондон ашык жарадар болду.

Бул - "Талибан" өкмөт менен утурумдук элдешүүнү токтоткондон кийинки биринчи чоң чабуул.

Ооган өкмөтү Айт майрамынын алдында башталган утурумдук элдешүүнүн убактысын он күнгө узартканы менен "Талибан" кыймылы 17-июндун түнүнөн баштап эле чабуулга өтту. 

Ссылка: https://barometr.kg/ooganstanda-talibder-tynchtyk-sjlshulrg-karabastan-chabuuldu-toktotkon-zhok



Добавить комментарий