Ольга Бузова "төшүң жок" деп кимдер мазактаганын айтты

28 марта 2020 12:24 1302 Barometr
Поделиться в:
ok

Телеалып баруучу жана ырчы Ольга Бузова “Рубин” клубунун футболчусу, мурдагы күйөөсү Дмитрий Тарасовго болгон таарынычын айтты. алар 2012-жылдан 2016-жылга чейин кыз-жигит болуп жүрүшкөн.

Бузова Тарасов менен жүргөн учурда ал төшүңдү чоңойт, сеники кичинекей деп көп айтып, аны операция кылдырууга мажбурлоого аракет кылганын айтат.

“Мен төшүмдү чоңойтууну каалаган учур болгон. Ошол маалда мен өзүмдү токтотуп, кармап калганыма абдан ыраазымын. Ажырашкандан кийин менде көптөгөн комплекстер пайда болду. Мени көптөгөн аялдар жакшы түшүнсө керек. Көбү депрессия болсо, айрымдары сырткы келбетин өзгөртүүгө чейин барышат. Тарасов менен жашап жүргөн учурда ал төшүң кичинекей деп такай айтчу. Ал керек болсо операция жасатып чоңойт дегенге чейин барды”, — дейт ал.

Мен ошол учурда эле андан кетип калсам болмок экен деген ырчы “Эгер эркек сүйсө сенин турган турпатың менен сүйөт” деп кыз-келиндерге кеңеш берди.

“Мен 2017-жылы 2-январда төшүмдү чоңойто турчу операцияга жазылгам. Керек болсо Питерге билет дагы сатып алгам. Бирок мен барган жокмун. Ошондо туура кылган экем”, — деди 34 жаштагы Бузова.

Ал бутуна гана операция жасатканын, калган дене мүчөлөрүнө бычак тийген эмес деп күйөрмандарын ишендирди.

Ссылка: https://barometr.kg/olga-buzova-tshn-emnege-choojtkon-emes-achyk-suroogo-achyk-zhoop



Добавить комментарий