Окуучу кыздардын мушташы иликтенүүдѳ

20 ноября 2019 13:04 2577 1 Жайнагул Такенова
Поделиться в:
ok

Социалдык тармакта кыздар мушташы тууралуу видео тарады. Анда ѳспүрүм кыздар бири-бири менен мушташып жатканын кѳрсѳ болот.

 Ал эми Жалал-Абад ОИИБнан мушташ тууралуу мындай маалымат берди.

 Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районундагы кыздардын мушташы 18-ноябрь күнү болжол менен саат 17:30 чамаларда болгон. Анда Аксы районунун Жаңы-Жол айылындагы №10 Мамытбеков атындагы орто мектептин 10-11-классынын окуучу кыздары арасында пикир келишпестиктен улам жаңжалдашып, мушташышкан. Аталган факты боюнча топтолгон материал Аксы РИИБнин КЖБРне катталып, “Ээнбаштык” беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Учурда сотко чейинки териштирүү иштери жүрүп жатат. Жаш өспүрүм кыздардын арасындагы пикир келишпестиктердин себеби жана окуянын жагдайлары такталууда.

Ссылка: https://barometr.kg/okuuchu-kyzdardyn-mushtashy-iliktend



Добавить комментарий

  • Салтанат 5 лет назад
    Мушташканды эмне кылышат бош убактарында ар кандай курстарга барышпайбы.