Окуу жылынын башталышы 15-сентябрь катары дайыма кала бериши мүмкүнбү?
Быйыл жаңы окуу жылынын башталышы 15-сентябрга жылдырылды, эгерде баары жакшы болсо мындай формат менен мындан ары дагы окуу жылын баштоого болобу? Бул тууралуу бүгүн басма сөз жыйынында Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Джусупбекова маалымат бергенин “Барометр” кабарлайт.
“Өлкөдө туруктуу эмес эпидемиологиялык жагдай болгон кезде биз мындай чечимди кабыл алууга укугубуз бар. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун сунушуна ылайык, сапаттуу билим берүү процессин камсыздаш үчүн мугалимдердин 70 пайызы эмдөөдөн өткөрүлүүгө тийиш. Окуу процесси 15-сентябрда реалдуу режимде башталышы үчүн баардык аракетибизди жумшайбыз.Быйыл баардык талаптар менен алгоритмдерди карманып көрөбүз. Туризм департаментинин дагы жүйөлөрүн карап чыгабыз”,- деп айтты орун басар.
Буга чейин Туризм департаменти окуу жылынын башталышын 15-сентябрга белгилөө туристтик сезон үчүн оң натыйжаларын бермек деп билдирген.
Ссылка: https://barometr.kg/okuu-zhylynyn-bashtalyshy-15-sentyabr-katary-dajyma-kala-berishi-mmknb
Добавить комментарий ×