Окумуштуулар Жер экиге бөлүнүп кетеби деп чочулашууда

11 мая 2019 15:17 9335 1 Barometr
Поделиться в:
ok

Лиссабон университетинин окумуштуу Жуан Дуарт башында турган эл аралык илимий тобу Португалиянын жээктериндеги океандык литосферадан өзгөрүүлөрдү аныкташты. Бул боюнча Венада өткөн Европа биримдигинин Жер боюнча илим жыйынында айтылды.

Сейсмикалык активдүүлүгүн анализдеген адистердин көңүлүн эки кырсык же Лиссабонду толугу менен жок кылган 1755-жылдагы, 1969-жылдагы жер титирөөлөр бурган.

Моделдөөнүн жардамы менен илимпоздор Португалиянын жээктеринде жер кыртышында литосфералык плиталарга таасир эте тургандай 250 чакырым тереңдикте аномалиялык өзгөрүүлөр тездик менен болуп жатканы байкашкан.Бул Жер шарын коркунуч алып келет.

Окумуштуулар изилдөөлөрүн илимий басылмага жарыялап, кеңири талкууга алып чыгууга даярдык көрүшүүдө.

 

Ссылка: https://barometr.kg/okumushtuular-zher-ekige-blnp-ketebi-dep-chochulashuuda



Добавить комментарий

  • Жер шарын коркунуч алып келет. Кантип түшүнсө болот? Сураныч, катасыз жазууга аракет кылыңыздарчы.