Окумуштуулар өмүрдү узарта турган суусундукту аташты

21 сентября 2021 12:33 5168 Barometr
Поделиться в:
ok

Улуу Британиянын окумуштуулары сүттү колдонуу менен жүрөктүн ишемикалык оорусун алдын алууга боло турганын аныкташты. Бул тууралуу "Известия" булагына таянуу менен “Барометр” кабарлайт.

Изилдөөнү британиялыктарга жана америкалыктарга жүргүзүшкөн. Окумуштуулар сүттү көп колдонгон катышуучулардын арасында жүрөктүн ишемикалык оорусунун пайда болуу тобокелдиги 14 пайызга төмөндөгөнүн белгилешти. Тажрыйбанын бул катышуучулары ашыкча салмакта болгонуна карабай, алардын канындагы холестериндин деңгээли төмөн болгон.

“Бул жүрөк-кан тамыр ооруларын алдын алыш үчүн сүттү милдеттүү түрдө азайтуу керек деген пикирге каршы келет”,-деп айтты окумуштуу Вимал Каран.

Аалымдар сүттө эң аз дегенде 18 алмаштырылгыс белок жана аминокычкылдар бар деп түшүндүрүштү.

Ссылка: https://barometr.kg/okumushtuular-mrd-uzarta-turgan-suusunduktu-atashty



Добавить комментарий