Окумуштуулар өлүмдөн кийинки жашоо бар дегенди тастыкташты

5 декабря 2019 10:55 22608 Barometr
Поделиться в:
ok

Америкалык физик-теоретик жана илимдин доктору Роберт Ланца өлүмдөн кийинки жашоо бар дегенди тастыктадым деп билдирди. Бул тууралуу social.dnpmag.com кабарлады.

“Бул жерде эч кандай дин, оккультизм жана башка нерселер жок”, - деген Ланца кванттык физика менен муну тастыктадым деп билдирди. 

Өлүм деген түшүнүктү физик жаңылыш түшүнүк деп эсептейт.

Окумуштуу бир жердеги өлүм экинчи паралелдик дүйнөдөгү жашоонун башталышы деп эсептейт.

 Бул гипотезаны аныкташ үчүн ал Томас Юнгдун жарык толкун болуп эсептелет деп айтылган интерференциялык тажрыйбасын сунуштаган.

Физиктин айтымында, анын жүргүзгөн тажырыйбасына ылайык ар бир жандуу нерсе бирден ааламды түзөрү далилденди, демек жан өлбөйт. Ал бир формадан экинчи формага өтүп, өзүнүн ааламын түзүп жашап кете берет.

 

Ссылка: https://barometr.kg/okumushtuular-lmdn-kijinki-zhashoo-bar-degendi-tastyktashty



Добавить комментарий