Окумуштуулар коронавирустун экинчи толкуну күз айларында башталарын айтышты
Окумуштуулар коронавирус илдетинин экинчи толкуну болушу мүмкүн деп эсептейт. Бул тууралуу Риа Новости агенттигине шилтеме берип “Барометр” которду.
Ошондуктан дүйнөнүн булуң-бурчундагы мамлекеттер эмитен эле вирустун экинчи толкунуна даярданышууда.
Күз айы жакындаган сайын, сасык тумоо менен гриппке кабылган кишилердин саны өсөт. Ошондуктан окумуштуулар мезгил алмашканда коронавирустун экинчи толкуну болушу мүмкүн экенин айтышууда.
Дүйнөдө 2019-жылдын декабрь айында Кытайдан башталган вирусту жугузуп алгандардын расмий саны 24 миллион 182 миңден ашты. COVID-19 илдети баш-аягы 826 миңден адамдын өмүрүн алды.
Ссылка: https://barometr.kg/okumushtuular-koronavirustun-ekinchi-tolkunu-kz-ajlarynda-bashtalaryn-ajttyshty
Добавить комментарий ×