Окумуштуулар коронавирусту бир секундада жок кылуунун жолун табышты
Техастагы A&M университетинин окумуштуулары SARS-CoV-2 коронавирусун жогорку температураны колдонуу менен бир секундада жок кылуунун жолун табышты, бул патогендин алыс аралыкка жугуусун алдын алуунун жаңы жолдорун табууга мүмкүндүк берет. Бул тууралуу Phys.org сайтына жарыяланган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Окумуштуулардын айтымында, дат баспас болоттон жасалган түтүктүн бөлүгү аркылуу коронавирус эритмеси өтөт. Аны 72 градус Цельсийге чейин жарым секундага жылытканда, эритменин курамындагы вирустун титри 100 миң эсе төмөндөйт. Бул коронавирусту толугу менен өлтүрүү үчүн жетиштүү.
Изилдөөчүлөрдүн айтымында, бул ыкма буга чейин, жылуулук менен дарылоодо, учурдагы жылуулук берүү түтктөрүндө, желдетүү жана кондиционерлөө тутумдарында колдонулуп келген.
Ошону менен катары эле, мындай ыкманы аба аркылуу тараган башка вирустарды нейтралдаштыруу үчүн дагы колдонсо болот.
Эске сала кетсек, 2019-жылдын 31-декабрында Кытай бийлиги Хубей провинциясынын Ухань шаарында белгисиз пневмония чыккандыгы жөнүндө маалымдаган. Адистер оорунун козгогучунан коронавирусту аныкташкан. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму бул эпидемияны эл аралык маанидеги өзгөчө кырдаал деп таанып, 2020-жылдын 11-мартында COVID-19 пандемиясын жарыялаган.
Ссылка: https://barometr.kg/okumushtuular-koronavirustu-bir-sekundada-zhok-kyluunun-zholun-tabyshty
Добавить комментарий ×