Окумуштуулар: күнүгө 10 саат иштеген адам инсульт болот

22 июнь 2019 10:16 9850 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Франциянын Анже университетинин окумуштуулары 10 саат же андан ашык жумуш организмге тескери таасир бере турганын аныкташты. Бул тууралуу MedicalXress маалымдады. 

Тажрыйбага 18 жаштан 69 жашка чейинки 143 592 адам катышкан. Анализдин жыйынтыгын чыгарууда катышуучулардын жынысы, тамеки чеккени, жаш курагы жана жумуш убактысы эске алынган.

42 542  адам жумушун 10 саатка чейин иштей турганы, 14 481 адам 10 саат же андан ашык убакты иштээри аныкталган. 14 481 адамдын ичинен 45 пайызында инсультка кооптуу жагдай түзүлгөнүн дарыгерлер аныкташса, тажырыйба жүргүзүлүп жаткандардын арасынан 1224 адамдын мээсинде кан тамыр жарылып, инсульт алышкан.

Мындан улам окумуштуулар бул жагдайды дагы тереңдеп изилдөөнү чечти.

Ссылка: https://barometr.kg/okumushtuular-kng-10-saat-ishtegen-adam-insult-bolot



Добавить комментарий