Окумуштуулар кара калемпир коронавирустун активдүүлүгүн басуу жөндөмүнө ээ экенин айтышты

12 октября 2020 11:28 1021 Barometr
Поделиться в:
ok

Индиянын Технологиялык институтунун физика бөлүмүнүн окумуштуулары компьютердик симуляцияларды колдонуп, кара калемпирдин курамында болгон пиперин заты коронавирустун көбөйүшүнө жана адам организмине сиңишин тосуп коё алат деген бүтүмгө келишти. Бул тууралуу «Известия» агенттиги жазган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Россиялык адистер индиялык кесиптештеринин изилдөөлөрүнө баа беришти. Калктын ден-соолугунун көрсөткүчтөрүн анализдөө жана саламаттыкты сактоонун санариптештирүү лабораториясынын башчысынын орун басары Станислав Отставнов түшүндүргөндөй, сүрөттөлгөн механизм компьютердик модельде гана эмес, турмушта дагы иштеши мүмкүн, бирок аны чыныгы тажрыйбалар тастыкташы керек.

Өз кезегинде Лобачевский университетинин биология жана биомедицина институтунун директору Мария Ведунова суук тийгенде жана вирустук инфекцияларда салттуу медицинанын рецепттеринин көпчүлүгү ар кандай тамак-аш азыктарында камтылган заттардын бактерияга каршы жана иммуностимуляциялоочу касиеттеринин болушу менен байланыштуу экендигин белгиледи. Анын айтымында, кара жана кызыл калемпирлер касиеттери окшош компоненттердин саны боюнча рекордчулардын катарына кирет. Эксперт татымалдын иммундук системаны стимулдаштыруу, сезгенүү реакциясын басуу жана микроэлементтерди жана витаминдерди сиңирүүгө жардам берүү жөндөмүн белгиледи. Бул продуктту жөтөл жана вируска каршы каражат катары колдонууга мүмкүндүк берет.

 Адис белгилегендей, ошол эле учурда калемпир ашказан-ичеги тракты менен көйгөйү бар адамдар үчүн зыяндуу

Ссылка: https://barometr.kg/okumushtuular-kara-kalempir-koronavirustun-aktivdlgn-basuu-zhndmn-ee-ekenin-ajtyshty



Добавить комментарий