Окумуштуулар эркектер эмне үчүн бирөөнүн айымын эңсешээрин аныкташты
Окумуштуулар мырзалардын эмне себептен жубайын алдай турганын аныкташты.
Окситоцин гормону эркектерди туруктуу эмес өнөктөштөштөр менен капысынан болгон мамилелерде бир кыйла кызыктар кылат. Мындай жыйынтыкты Китай окумуштуулары жасады. Бул гормондун таасиринин негизинде күчтүү жыныстын өкүлдөрүн жеңил ойлуу, куру кыял жана капыстан жолуккан көчө кыздары кызыктырып, бат баттан убактылуу башка өнөктөш менен сексуалдык катнашка баруусуна түрткү боло баштайт.
Окситоцинди ошондой эле «кучакташуу гормону» деп да коюшат, бул гормон биринчи гана жакышдашууларда, жактырууда, алгачкы гана байланышта жана эрекелешүүлөрдө бөлүнүп чыгат. Жыйынтыгында мырзанын жаңы гана таанышкан айымы алда канча сулуу сезилип, ага болгон алгачкы сезимдери ойгонуп, ошол эле жерден кумарга батчудай ойлору козголот.
Кытай окумуштуулары аныктагандай окситоцин эркектин айымга гана болгон сексуалдык кызыгууларын козгоп, дүүлүктүрүп башка өнөктөшкө болгон кызыгуусун арбытат. Эркектер үчүн жыныстык жактан кызыгуулары биринчи этапта абдан маанилүү болуп, алгачкы мамилелер, капысанан сексуалдык катнаштар алда канча романтикалуу байкалып, керемет сезимдер сезилет. Ошол себептүү эркектер кыска мөөнөттөгү мындай романтикаларды каалап, эңсешет.
Белгилей кетсек, бир четинен караганда мамиленин өнүгүшү денгээлинде окситоцин эмоционалдык байланыштарды дагы бекемдейт.
Ссылка: https://barometr.kg/okumushtuular-erkekter-emne-chn-birnn-ajymyn-esesheerin-anyktashty
Добавить комментарий ×