Окумуштуулар: Бош убактысы өтө көп болгон адамдардын маанайы жок болот

13 сентября 2021 11:02 912 Barometr
Поделиться в:
ok

Пенсильвая университети менен Калифорния университетинин окумуштуулары бош убакыттын ашыкча көп болушу адамдардын ден соолугуна тескери салакасын тийгизерин аныкташты. Бул тууралуу маалымат Journal of Personality and Social Psychology журналына жарыяланганын “Барометр” маалымдайт.

Окумуштуулар 21 736 адамды изилдөө жүргүзүшкөн. Анын натыйжасында көп убактысы бош болгон адамдар стресске кабыларын белгилешти. Ал эми бош убактысы кенен эмес адамдар өздөрүн көбүрөөк бактылуу деп эсептешкен.

Окумуштуулар пенсияга чыккан учур, жумуштан бошоп калуу адамдардын психологиялык саламаттыгына тескери таасирин берет деп далилдешти. Бирок мындай мезгилде адамдын эң эле жок дегенде ишке ашырам деген бир максаты болсо жагдай кайра жакшы жагынан өзгөрүп калыбына келерин белгилешти.

Ссылка: https://barometr.kg/okumushtuular-bosh-ubaktysy-t-kp-bolgon-adamdardyn-maanajy-zhok-bolot



Добавить комментарий