Окумуштуулар 40 жаштагы аялдары кыздай көрүнгөн уруунун сырын изилдешүүдө

7 марта 2019 16:06 15744 Barometr
Поделиться в:
ok

Индия менен Пакистандын чегинде жайгашкан хунза дайрасынын өрөөнүн “жаштык оазиси” деп атап коюшат. Анткени бул жерде жашаган жергиликтүү хунза уруусунун карылары 110-168 жашка чейин өмүр сүрүшөт.

Алар эч качан оорушпайт жана жаш курагынан алда канча жаш көрүнүшөт. Алардын мындай феномени окумуштууларды жарга такоодо.

Уруу ислам динин карманат. Бирок  исмаилит агымында. Ошондуктан хунзаларда азан айтышпайт.

Алар 15 градусттук муздак сууда жуунушат жана жүз жашка чыкканга чейин эле кыймылдуу оюндарды ойношот.40 жаштагы аялдар жаш кыздардай көрүнөт, 60-65 жашка чыкканда наристени жарык дүйнөгө алып келген аялдар көп.

Бул бактылуу өрөөндү изилдеген шотландиялык дарыгер МакКаррисон алар тамак-ашында тузду аз колдонушарын, жер-жемиштерди көп жешерин, 200 чакырымга чейинки жолдорду жөө басып кете бере тургандыктарын белгилеген.


 

 

Ссылка: https://barometr.kg/okumushtuular-40-zhashtagy-ayaldary-kyzdaj-krngn-uruunun-syryn-izildeshd



Добавить комментарий