Окумуштуу коронавируска каршы иммунитетти пайда кыла турган ооруну атады

22 сентября 2020 16:21 643 Barometr
Поделиться в:
ok

Денге безгеги менен ооруп айыккан адамдарда коронавируска каршы кандайдыр бир иммунитет пайда болушу мүмкүн. Бул тууралуу  Дьюк университетинин профессору Мигель Николлис жергиликтүү маалымат агенттиктерине берген маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Изилдөө азырынча эч жерде жарыяланбаганы белгиленди.

Америкалык илимпоз акыркы жылдары денге безгегинин очоктору катталган аймактарда коронавирустун жай жайылып баратканын аныктады.

“Бул таң калыштуу ачылыш денге флавивирусунун серотиптери менен SARS-CoV-2 иммунологиялык кайчылаш реактивдүүлүгүнүн кызыктуу мүмкүнчүлүгүн жаратат", -дейт ал

Эгер анын илимий изилдөөсү тастыкталса, денге вакцинасынын жардамы менен адамдар COVID-19га каршы белгилүү бир деңгээлде иммунитетке ээ болорун айтты.

Ссылка: https://barometr.kg/okumushtuu-koronaviruska-karshy-immunitetti-pajda-kyla-turgan-oorunu-atady



Добавить комментарий