Ок атышуу болгон Максат айылында бүгүн мектепте окуу башталды

19 сентября 2019 12:46 2762 Barometr
Поделиться в:
ok

Лейлектин Тажикстан менен чектешкен Максат айылында мектепте окуу жанданды. Бул тууралуу аталган айылдын башчысы Сапарали Адинаев “Barometr.kg” сайтынын кабарчысына билдирди.

Анын айтымында, ок атышуу учурунда коопсуз жактарга чыгып кетишкен айыл тургундары үйлөрүнө келишип, кадимки турмуш уланып жатат. Мектепте бүгүн балдар сабакка барышты.

Максат айылында 260 кожолук, тактап айтканда 713 адам жашайт.

Эске салсак, 16-сентябрда Лейлек районунун тажиктер менен чек арада жайгашкан Максат айлында тажик-кыргыз чек арачы аскерлеринин ортосунда ок атышуу болгон. Бир чек ара кызматкери каза болуп, 13 адам жаракат алган. Алардын 10 киши Бишкекке жеткирилген. Дагы үчөө Лейлек аймактык ооруканасында дарыланууда. Экөөсүнүн абалы оор-туруктуу, ал эми дагы биринин абалы өтө оор экени айтылат.

Ссылка: https://barometr.kg/ok-atyshuu-bolgon-maksat-ajylynda-bgn-mektepte-okuu-bashtaldy



Добавить комментарий