Обсервацияда жаткан жарандарга тамактар кандай жасалат - сүрөт

31 марта 2020 16:40 2368 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 31-март күнү Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрдин орун басары Равшан Рысбаев КР ӨКМнин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядын барып Ош шаарында обсервацияда жаткан жарандар үчүн жасалып жаткан ысык тамактарды даярдоону көзөмөлдө үчүн барды. Бул тууралуу КР ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, Министр Замирбек Аскаровдун тапшырмасы менен 2020-жылдын 12-февралдан тартып Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан ысык тамактарды камсыз кылуу иштери каралып, Ош шаарындагы жайгашкан убактылуу обсервацияда кармалып жаткан жарандар үчүн Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын тарабынан суткасына 3 (үч) маал ысык тамак жеткирилүүдө.  

Учурда мындай иш чара баардык облусттарда өткөрүлүүдө. 

Ссылка: https://barometr.kg/observaciyada-zhatkan-zharandarga-ysyk-tamak-zhetkirild



Добавить комментарий