Ар облустун кире беришинде жарандарды дарыгерлер текшерүүдө
Поделиться в:
Кыргызстандын 7 облусуна санитардык-карантиндик пост орнотулат. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдирди.
Штабдын маалыматы боюнча 14 пост орнотулат:
- Баткен облусунда – 1 пост (Караван айылы);
- Ош облусунда – 4 пост (Кара-Суу районунун Жапалак жана Мады айылдары, Өзгөн районунун Ана-Кызыл айылы);
- Жалал-Абад облусунда – 1 пост (Чычкан посту);
- Талас облусунда – 1 пост (Талас районунун Көпүрө-Базар айылы);
- Нарын облусунда – 1 пост (Кочкор районунун Сары-Чат айылы);
- Ысык-Көл облусунда – 1 пост (Кубакы посту);
- Чүй облусунда – 5 пост («Сосновка», «Маловодное», «Киргшелк», «Ак-Жол», Алматы-айланма жол посттору).
Санитардык-карантиндик посттор 2 нөөмөттө күнү-түнү иштешет.
Аталган посттордо ӨКМ, ИИМ органдарынын, Саламаттык сактоо министрлигинин кызматкерлери, жергиликтүү бийлик органдары болот.
Ал учурда социалдык тармакта облустардын кире беришиндеги абал тууралуу фотографиялар социалдык тармакта жарыяланды.
Добавить комментарий ×