Нуржамал Табалдиева "50 жыл бир сахнада" атту концерттик программасын тартуулайт
10-октябрында Т. Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында Кыргыз Республикасынын Эл артисти Нуржамал Табалдиеванын сахнадагы 50 жылдык “Жазым келчи” аталышындагы мааракеси белгиленет.
Нуржамал Табалдиева Бүбүсайра Бейшеналиева атындагы КМИИнин маданий-агартуу факультетин бүтүргөн.
Ал Кыргыз Республикасынын атынан Япония, Швеция, Швейцария, Бельгия, Франция, Тунис, Вьетнам, Камбожа, Лаос дагы башка өлкөлөрдө гастролдо болуп, кыргыз маданиятынын таанылуусуна зор салымын кошкон.
Айрыкча ал залкар ырчылардын ичинен эл артисти Мыскал Өмүрканованын үнүн, аткаруучулук чеберчилигин Бектемир Эгинчиевдин “Алымканы” баштаган элдик ырлар “Кызыл гүл”, “Жүрөгүмдөн”, Токтосун Тыныбековдун “Катка жооп”, “Гүлжан”, Осмонкул Бөлөкбаевдин “Таалайлуу элдин бир кызы” аттуу ырларын аткарат.
Нуржамал Табалдиева Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Орто-Суу айылында 1952 – жылы туулган. Учурда эл артисти 67 жашта.
Салтанаттуу иш- чара 2019- жылдын 10 -октябрында саат 18:30да башталат.
Ссылка: https://barometr.kg/nurzhamal-tabaldieva-50-zhyl-bir-sahnada-koncerttik-programmasyn-tartuulajt
Добавить комментарий ×