Нурзат Токтосунова: "Мен балалуу боло албай жүргөндө кээ бир энелер көңүлүмдү ооруткан"

1 июнь 2019 11:06 24273 5 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн, 1-июнь Эл аралык балдарды коргоо кунү. Майрамдын урматына алып баруучу Нурзат Токтосунова балдарды жана энелерди бүгүнкү майрамы менен куттуктады.

"Менин периштемдин 8-марттан кийинки экинчи майрамы куттуу болсун! Мартта болсо бизди Максат Надырбеков окшош белек алып, чогуу куттуктаган. Кызымдын дүйнөгө келиши менен жашоом, ойлорум, чоң максаттарым өзгөрдү. Балаңа эң жакшы нерселерди ыраа көрөт экенсиң, англис тилдүү эл аралык мектепте окуйт деп кээде атасы экөөбүз тартыша кетебиз. Эми ага чейин көп бар, аман болуп, бизди кубантып, артынан бөбөктөрүн ээрчитип келип, бактылуу кыз болсун", -дейт Нурзат Токтосунова.

Өз учурунда алып баруучу өз апасына рахматын айтып, кызы ооруп же бир нерсе болуп калса эле дизайнер, стилист Замира Молдошевадан кеңеш сураарын да айтты:

"Энем кантип сегизөөбүздү жалгыз баккан билбейм. Үйдө бешөөлөп карайбыз, кичине сыртка чыкканга убакытым болгону да ошондон. Бирдеме болсо эле Замира Молдошевага чалып тажатам антип атат эмне кылам, чачы чыкпай атат кайда алпарам деген сыяктуу ар кайсы суроолорду берип. Ичи ооруп ыйласа алапайымды таппай калам, негизинен жоош, кудайга шүгүр", -деп кызынын жоош экенин билдирди.

Нурзат Токтосунова менен Максат Надырбеков кыздуу болгондон бери наристесинин сурөттөрү менен да бөлүшүшпөйт жана ал тууралуу көп маалымат бере беришпейт. Бул тууралуу ал:

"Кызымды көп кеп кылбаганымды, сүрөтүн салбаганымды энелер туура эле түшүнсө керек. Көзүм катып тапкан кызым эмес кээде иш- чарадан келип чоң эле мен көз-сөздөн суй жыгылам. Анан каргадай кызымды аяйм, коруйм. Дагы бир себеби: мен балалуу боло албай жүргөндө кээ бир энелер көңүлүмдү оорутуп- кандай бактылуумун, балам бар, ж.б. сөздөрдү айтышчу... Албетте алар менен катышпай калгам, себеби жакшылар сенде эмне жок болсо баса белгилебейт да. Силердин араңарда да бала күткөндөр бар билем, ошондуктан кайра- кайра чыгарганым осолураак болуп калбасын дедим. Андан көрө менин баракчам силерди билимге, аракетке, позитивге шыктаган баракча болуп кала берсин", дейт

Алып баруучу өз сөзүндө айрым достору жакындары ал бала күтүп жүргөн кезде өзүлөрүнүн балдары тууралуу айтып көңүлүн ооруткандарын да эскерди.

Сөзүнүн аягында жалпы балдарды бүгүнкү 1-июнь балдар күнү менен куттуктады.

Эске салсак Нурзат Токтосунова менен Максат Надырбеков үстүбүздөгү жылдын 13-февралында кыздуу болушкан. Жубайлар туң наристесине Акбермет деген ысым ыйгарган.

Белгилей кетсек, аталган майрам жыл сайын жай айынын эң биринчи күнү 1-июнда белгиленет. Майрам 1949-жылдын ноябрь айында Франция өлкөсүнүн борбору Париж шаарында Эл аралык демократиялык аялдар федерациясынын конгресинин чечими аркылуу уюшулган. Эң биринчи жолу бул майрам 1950-жылы өткөрүлгөн.

Ссылка: https://barometr.kg/nurzat-toktosunova-men-balaluu-bolo-albaj-zhrgnd-kee-bir-eneler-klmd-oorutup-kandaj-baktyluumun-balam-bar-degen-szdrd-ajtyshchu



Добавить комментарий

  • Нурзат азаматсын. Ар дайым изденуунун устундо журосун . Эмгегинди абдан баалайм. Кызындын ар дайым жакшылыктарына кубо болуп, бактылуу уй бололордон болуп журо бергиле.
  • Салтанат 5 лет назад
    Нурзат 2018- жылы 13-февральда Египетте чогу эс алдык эле.2019- жылы ошол числосунда Максат экоонор кыздуу болдунар.Аялдык бакыт каалайм!
    • Кызындын омуру узун келечеги кен телегейи тегиз ден соолугу чын сени тарткан жаркылдаган жакшы кыздардан болсун
  • Нурсат сен ажарлуу айымсың, билимдүү илимдүүсүң, ыймандуу ушунуңдан жазба жаш кыздарга өзүңдүн башыңдан өткөндөрүңдү айтып жакшы кеңештериңди берип тур менин кызым сенин Нур академияда окууган Болотова Айдана сенин жолуңду жолдоп аратар кыздардай болсун сендей бактылуу жубайга жолукса ишиңе ийгилик каалаймын бактылуу үй бүлөөдөн бол кичинекейин аман эсен чоңойо берсин
  • Бешик боонор бек болсун бактылуу болгула ,дагы тапичкелер кобойо берсин