Нурзат Токтосунова кызынын сүрөтү менен бөлүшүп наристесине болгон сезимдерин айтты

29 марта 2019 16:13 7478 Атыргуль Мухамматкулова
Поделиться в:
ok

Алып баруучу Нурзат Токтосунова интернет баракчасынан кызынын сүрөтү менен бөлүшүп эне болгондон кийинки сезимдерин айтып берди.

Токтосунова кызын көтөрүп турган сүрөтүн жүктөп:

"Жаным... Асылым... Акберметим... Жашоомдун маңызы. Силердин да өмүр мааниси болгон чүрпөлөрүңөр бактылуу, өмүрлүү, ден-соолуктуу болсун! Ушинтип чачым скотч болуп эле күйпөлөктөп жанындамын. Жумушка бир айдан кийин балким жарым күнгө чыгам го. Көбүрөөк баланын жанында болгонго не жетсин. Бар болгула өмүрүн бизге арнаган алтын апалар!",- деп кызына болгон сүйүүсү, мээрими тууралуу айтып окурмандарына көңүлдүү күн каалады.

Эске салсак, Нурзат Токтосунова жолдошу Максат Надырбеков менен 2019-жылдын 13-февралында кыздуу болушкан.

Ссылка: https://barometr.kg/nurzat-toktosunova-kyzynyn-srt-menen-blshp-naristesine-bolgon-sezimderin-ajtty



Добавить комментарий