Нурзат Токтосунова: "Балам төрөлүп, торолгуча эч интервью бербейм"

25 декабрь 2018 21:14 7757 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Маалым болгондой Нурзат Токтосунова өзүнүн кош бойлуулугу тууралуу Instagramдагы жеке баракчасынан кабарлаган. Алып баруучунун катталуучулары аны куттуктап жакшы каалоо-тилектерин жазып калтырышкан.

Нурзат Токтосунова бүгүн:

"Күнүңөр жемиштүү улансын" -деп жолдошу Максат Надырбеков менен түшкөн сүрөтүн жүктөдү. Посттун астына күйөрмандарынын бири:

 "Нурзат элге мактанбайм, Аллах дегенден кийин ырымдаш керек. Элдин көзү бар, сөзү бар дегендей" -деп Токтосуновага курсагыңдагы балаң тууралуу көп маалымат бербе деген мааниде пикирин жазды. Ага жооп кылып алып баруучу:

"Ооба эже, эч кимге көрүнбөй атабыз. Бул эски сүрөт. Төрөп торолгуча эч интервью бербейм буюрса" -деп жооп узатты.

Эске салсак, Нурзат Токтосунова буга чейин да курсагымдын сүрөтүн жүктөбөйм деп айткан эле. Ал эми жолдошу Максат Надырбеков ушул учурга чейин бир да жолу жубайынын кош бойлуулугу тууралуу маалымат бере элек.

Ссылка: https://barometr.kg/nurzat-toktosunova-balam-trlp-torolgucha-ech-intervyu-berbejm



Добавить комментарий