Нурсулуу Ахметова: Биз Сапар Исаков экөөбүз Атамбаевден ТВЕАны алып келүүгө тапшырма бериңиз деп сураганбыз
Поделиться в:
Бүгүн, 3-июлда Свердлов райондук сотунда Бишкек ТЭЦин модернизациялоо боюнча кылмыш иши тууралуу сот жыйынында президенттин аппаратынын мурдагы бөлүм башчысы Нурсулуу Ахметованы суракка алышты.
Сурак учурунда Ахметова Сапар Исаков менен жөнөткөн катта Алмазбек Атамбаевден эмнени сураганын так айтып берди.
"Катта Атамбаевден Энергетика министрлигине, “Электр станцияларына”, ошондой эле Каржы министрлигине Бишкек ТЭЦин модернизациялоодо иш аткаруучу катары ТВЕАны алып келүү жөнүндө маселени карап чыгууну тапшырма бериңиз деп суранганбыз”,-деп мойнуна алды Ахметова.
Ахметова катты Сапар Исаков даярдаганын эскертти.
Добавить комментарий ×