Көп күттүргөн той. Нурмат Садыров үйлөнөм деп кыз издеп жатат
Ырчы Нурмат Садыров “качан үйлөнөсүң” деген сөздөрдөн тажаган көрүнөт. Ырчы жигит түгөй издеп, үй-бүлө курууга камданып калыптыр. Бул туурасында ырчынын соцтармактагы баракчасына жазылган маалыматка таянып “Барометр” билдирет.
“Эркекке жүрөк, аялга жөлөк керек. “Токтолбой жүргөм, токтоттуң” деген ыр чыгардым. Ушул чыгармамдын артынан той келсин. Күн тийгизбей баккан кызыңыздар барбы? Болсо, камкор, аяр, сый көрсөткөн күйөө бала болоюн”, - деп жазды Садыров.
Ырчы жигиттин бул посттунун алдына күйөрмандары бакыт каалап, өз теңин табышына тилектеш болуп, билдирүүлөрдү калтырышты.
"Жакында той болот окшойт. Эмнеси болсо да сизди сыйлап, урматтаган кыз туш келсин", - деп жазды ырчынын күйөрманы.
Айрымдары сиңдилерин Садыровго сунуштаганга да жетишишти.
"Менин сиңдим бар, көлөкөгө күн көрсөтпөй бакканбыз. Сен издегендей сулуу, назик кыз", - деген жазуу калтырды дагы бир комментатор.
Добавить комментарий ×