Нурлан Насип көзүнө операция жасатып, ал бир саатка созулду

13 марта 2020 10:54 1523 Barometr
Поделиться в:
ok

Эстрада ырчысы Нурлан Насип Түркиянын Измир шаарынан көзүнө операция жасатканын Instagram баракчасына жазды.

Ырчы көзүнүн көрүүсү начарлап кеткендиктен операция жасатууга аргасыз болгон.

“Измирге эмнеге келдиңиз? деп менден сурап жатышат. Мен бул жакка көзүмдүн көрүүсү начарлап кеткендиктен көрсөткөнү келдим. Операция ийгиликтүү аяктап, бир саатка созулду. Измирге болгон сапарыбыз карыды. Эми клиниканын Стамбулдагы чоң офисине барып көрүнөбүз. Мага тынчсызданып жаткан күйөрмандарга, тааныштарга, досторго ыраазычылык. Ден соолугуңуздар бекем болсун”, — деп ал кайрылуу жасады.

Ырчы Instagram баракчасына Стамбул шаарына келген видеолорун дагы жарыялады.

Ссылка: https://barometr.kg/nurlan-nasiptin-kzn-operaciya-zhasatyp-al-bir-saatka-sozuldu



Добавить комментарий