Нурлан Насиптин катталуучулары миллионго жетээрине аз калды

2 ноября 2018 16:20 1969 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Бүгүнкү интернеттин өнүккөн заманында аттуу баштуунун баары интернеттен, айрыкча инстаграм сайтындагы катталуучулардын саны менен мактанып, ошол аркылуу акча таап калды. Бул жолку миллионерлердин катарын ырчы, обончу Нурлан Насип толуктоо алдында турат. Бул тууралуу ырчынын жубайы, ырчы Асель Кадырбекова кабарлады.

Кадырбекова инстаграмдын stories бөлүмүнө Нурландын катталуучуларынын саны 995 000 ге жеткенин жүктөп: "Жакында эркек миллионер" деп жазды. Көп өтпөй Нурландын катталуучуларынын саны 997 000 болуп калды. 

Эске салсак буга чейин Кыргызстанда эң алгачкы миллионер Самара Каримова андан кийин Анжелика Кайратова болгон эле.

Бирок эмнегедир окурмандар ал катталууларды кандайдыр бир программанын негизинде чогултулган деп келишүүдө.

Ссылка: https://barometr.kg/nurlan-nasiptin-kattaluuchulary-milliongo-zheteerine-az-kaldy



Добавить комментарий