Нурлан Насип менен Асель Кадырбекова катып жүргөн сырларын ачыкташты

25 декабря 2018 22:08 8291 Атыргуль Мухамматкулова
Поделиться в:
ok

Нурлан Насип менен Асель Кадырбекованын үйлөнгөнгө чейинки мамилеси, андан кийин үйлөнүү тою көпчүлүк тарабынан көпкө чейин талкууга алынып келгени маалым. Эми мунун баары бүтүп күйөрмандар менен хейтерлер акыркы 2-3 айдан бери "Асель кош бойлуубу?" деген өңдүү суроолор менен баш катырышууда.

Ал эми жылдыздуу түгөйлөр бул суроолорду жоопсуз калтырып келишкен эле. Көпчүлүк күткөн суроого ырчылар акыркы "Ырдалып бүтпөйт махабат" аттуу ырына тартылган клиби менен жооп беришти. Клипте Асель Кадырбекованын кош бойлуу экенин көрүүгө болот.

Клип жарык көрөөрү менен Кадырбекова өзү да билинип калган курсагын көргөзүп сүрөт жүктөп баштады.

Сыягы түгөйлөр клип аркылуу жашырып жүргөн сырларын ачыктоону "пландашкан" окшойт. Эки жашка бакыт каалап Аселдин аман-эсен көз жарып алуусун каалагандардын саны күндөн-күнгө өсүп барат.

Ссылка: https://barometr.kg/nurlan-nasip-menen-asel-kadyrbekova-katyp-zhrgn-syrlaryn-achyktashty



Добавить комментарий