Нурлан Насип: "Асель калыбына келиши үчүн көп убакыт керек"

16 июля 2020 11:11 1108 Barometr
Поделиться в:
ok

Асель Кадырбекова калыбына келиши үчүн көп убакыт керек. Бирок, убакыт баарын даарылайт. Бул тууралуу ырчы айымдын жолдошу Нурлан Насипке шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Таланттуу ырчы Нурлан Насип жол кырсыгына кабылып, учурда ооруканада жаткан жубайы Асель Кадыбекованын өмүрүн дарыгерлер сактап калганын белгиледи.

“Кудайым чоң кырсыктан сактап дарыгерлердин чоң жардамы менен, сиздердин күнү-түнү кылган дубаларыңыздар менен келинчегимдин өмүрүн сактап калдык. “Асель кандай болуп калды?”, -  деп сурагандар абдан көп. Кыскача айта кетейин буйруса алдыга жылыш бар. Бирок, калыбына келиши үчүн көп убакыт керек экен. Убакыт баарын даарылайт”, - деп билдирди Нурлан Насип.
Эскерте кетсек, 26-июнда Бишкектин Медеров менен Тыныстанов көчөлөрү кесилишкен жерде эки унаа катуу сүзүшкөн. Андагы унаалардын бирин ырчы Асель Кадырбекова башкарып келе жаткан. Кырсык болгон жерге тез жардам кызматы чакырылып, ырчы айым оор абалда Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирилген.

Ссылка: https://barometr.kg/nurlan-nasip-asel-kalybyna-kelishi-chn-kp-ubakyt-kerek



Добавить комментарий