Нурлан Мотуев 22 жаштагы кызга үйлөнүп, төшөк жаңыртты – видео

10 февраля 2020 14:41 1840 Barometr
Поделиться в:
ok

Көмүр падышасы атыккан Нурлан Мотуев 22 жаштагы Айдаркул кызы Элнура аттуу кызга үйлөндү. Алардын никесин кыйып жаткан учурдун видеосу социалдык тармакка тарады.

Анда молдо Мотуев менен Айдаркул кызынын никесин кыйып жатканын көрүүгө болот. Видеодо Мотуев кызга белек катары 100 миң сом бере турганын айткан. Өз кезегинде молдо ал акчага кыз каалаганын сатып алууга акылуу экенин эскерткен.

Видеонун аягында Мотуев нике кыйдырган аялы 22де экенин белгилеген.

Белгилей кетсек, Мотуев өзү 50 жашта. Ал буга чейин да социалдык тармак аркылуу өзүнө колукту издеп жатканын жарыялаган болчу.
Мотуев буга чейин да үйлөнгөнүн айтып, айрым сүрөт-видеолорун да жарыялаган.

Ссылка: https://barometr.kg/nurlan-motuev-znn-28-zhash-kich-kyzga-jlnp-tshk-zhayrtty-video



Добавить комментарий