Нурлан Мотуев президентке кайрылды: "Атамбаевден кеткис кегибизди, өчпөс өчүбүздү алып бердиңиз"

21 февраля 2019 09:04 4752 Атыргуль Мухамматкулова
Поделиться в:
ok

Нурлан Мотуев президентке ийгилик каалаган пост жазып чыкты. Коомчулукка таанымал Мотуевдин кайрылуусунда "Атамбаевден кеткис кегибизди, өчпөс өчүбүздү алып бердиңиз" деген таризде маалыматтар камтылган. Нурлан Мотуевдин постун өзгөртүүсүз назарыңыздарга сунуштайбыз:

"Азаматсыз Сооронбай Шарипович!  Атамбаевдин  "бандасын" бүт камап, биздин кеткис кегибизди, өчпөс өчүбүздү алып бердиңиз. Убагында бул  алдым-жуттум, зөөкүрлүгүн беттерине ачык айта коём деп куугунтукка калып, түрмөлөрүнө отуруп чыктым. Мен сиздин ишмердүүлүгүңүздү колдоп-кубаттайм, жардам берем. Анын үстүнө, 17 жылдан бери жеке таанышпыз, 7-8 жолу жолукканбыз. Жумгал эли мени 90 пайыз колдоорун 2014-жылы өзүм мониторинг кылып, кыдырып текшергем. Баякы, эл мени колдооруна көзү жеткен  Атамбаев айласы кетип, ажылдаган ОБОНдорго Чаектен мага тукуртканы болбосо, жалпы эл мени колдошот. Анын үстүнө, дин үчүн отуруп чыктым, мени Кыргызстандын динчилери колдошот"


Ссылка: https://barometr.kg/nurlan-motuev-prezidentke-kajryldy-atambaevtan-ketkis-kegibizdi-chps-chbzd-alyp-berdiiz



Добавить комментарий