Нуркыз Кожонова: "Уликсон мырза мени басынтканы, скорпиондордун жылы дегени үчүн сотко берем"
Ырчы Нуркыз Кожонова менен клипмейкер Эрнис Сыдыковдун ортосундагы пикир келишпестик көпчүлүктү таң калтырган эле. Аладын чатагынын негизги себеби Түркиядан тартылган “Жаным ай” аттуу ырга тартылган клиптин тартылганына 11 ай өтсө да чыкпай жүргөнү себеп болгон. Кожонова өзүнүн таарынычын соцтармактагы баракчасына жазып чыккандан кийин эмнегедир Эрнис Сыдыков өзү ачык жооп берген жок, бирок өзүн клипмейкердин досу деп тааныштарган жаш ырчы Уликсон аттуу жигит анын таламын талашып ырчы менен айтыша кеткен. Аталган жагдайдан кийин Кожонова Уликсонго мыйзам алдында жооп бересиң деп айткан.
Нуркыз Кожонова Barometr.kg сайтына берген маегинде эми кандай чара колдоноорун айтып берди.
“Уликсон деген баланын өзүнүн баракчасына быйыл скорпиондордун жылыбы деп публикация кылганы, анан мага чалып өзүн өтө катуу жылдыз сезип мени басынтканы үчүн жооп берет буюрса. Ошол күндөрү айылда куран окутуп жүрүп колум бошобой калды. Анан да концерт той менен ошто жүрүп калдым, буюрса эртең шаарга барам, анан баштайм. Сотко шаардан кайрылам азырынча телефон менен гана байланыштым өзүм керек экенмин, ал бала түз эфирде сүйлөгөн сөзү үчүн жооп бергенин көрөм. Ортого экинчи кыпчылбас болот”, -деп ырчы жаш ырчыга болгон таарынычын айтып берди.
Алардын ортосундагы пикир келишпестик инстаграм тармагында түз эфир аокылуу улантылган. Уликсон аттуу жаш ырчы жигит жеке баракчасы аркылуу да Кожонованын жеке намысына тийген сөздөрдү жазган.
Добавить комментарий ×