Нурболот Усенбаев: Коронавируска каршы күрөштү токтотуп коюу азырынча эрте

28 августа 2020 12:07 685 Barometr
Поделиться в:
ok

Коронавирус илдетин жеңдик деп, өзүбүздү бош койо бергенге эрте экендигин Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Усенбаев айтты. Бул тууралуу Республикалык штабка таянып “Барометр” билдирет.

"Катталып жаткан учурлар калктын арасында коронавирус инфекциясы менен пневмониянын жайылышы уланып жатканынан кабар берет. Беткап тагынууга, аралыкты сактоого, кол жууганга жана башка санитардык эрежелерди аткарууга көңүл бурушубуз керек. Азырынча коронавируска каршы күрөштү токтотуп коюу эрте", - деп чакырды Нурболот Усенбаев.

Эске салсак, Кыргызстанда азыркы учурда 5000ден ашык адам коронавирус илдети менен ооруп жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/nurbolot-usenbaev-koronaviruska-karshy-krsht-toktotup-koyuu-azyryncha-erte



Добавить комментарий