Нурбек Изабеков: Айсулуу Тыныбекова мындан 8 жыл мурда чоң спорттон таптакыр кетип кала жаздаган

13 мая 2019 11:20 28955 1 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргыздын балбан кызы Айсулуу Тыныбекова бир да ийгилик жаратпай туруп, мындан 8 жыл мурда чоң спорттон таптакыр кетип кала жаздаптыр.Балбан кыздын спортко, машыгууга көңүлүн толук буруу, ага ар тараптуу шарттарды түзүп берүү үчүн машыктыруучулар штабы Айсулуунун жеке турмушуна чейин киришкенин билесизби? barometr.kgнин кабарчысы балбан кыз Айсулуунун башкы машыктыруучусу Нурбек Изабеков менен маектешип, бул жана башка суроолорго жооп алды.  

- Нурбек мырза, эң оболу Азия биринчилигиндеги ийгиликтер менен куттуктайм! Азия чемпионатынан алтын медаль бар. Бир эмес үчөө. Эми мына алдыда 2019-жылдагы дүйнө чемпионаты жана 2020-жылы Токидо өтүүчү Олимпиада оюндары турат. Даярдык кандай башталды? Бул ири мелдештерге башкача бир программа менен даярдыктар болобу? 

- Албетте, жаңы, өзгөчө программа менен даярдык башталды. Балбан кыздарды эч алагды кылбай, тышкы чөйрөнүн ар кандай таасирлеринен обочолотуп, убактысынын ар бир мүнөтүн текке кетирбей, машыгууга, эс алууга жана психологиялык жактан даярданууга жумшаганга аракет кылып жатабыз.

- Бардык көңүлүңдү машыгууга буруп, ал тургай, маалымат каражаттарына чыккандан да карманып жатканыңыздар тууралуу жар салынды, бул дагы даярдыктын, программанын бир бөлүгүбү? 

- Биз жалпыга маалымат каражаттарына да аз чыгып жатканыбыз да ошол программанын бир бөлүгү болот. Кыздардын окуусу, же башка түйшүктөрү болобу ар бирине мүнөт-мүнөтү менен убакыт чектеп, карап жатабыз. Даярдыкта өзгөчө, атаандаштардын күрөш ыкмасына жараша иш жүрөт. Машыгууга канча убакыт бөлүш керек, канча оордук (нагрузка) артыш керек спортчуга? Ушул маселелердин үстүндө даярдыктар көрүлөт.Ал турсун жеке жашоосуна да кийлигишкен учурлар да болот.

- Спортчу кыздардын жеке турмушуна чейин киришкен учурлар болот дегениңизди чечмелесеңиз да. Маселен Айсулуу тууралуу сөз кылалы, мисалы кандай маселеде, ким менен дегендей....

- Спортчуну машыгууга толук көңүлүн буруу дагы даярдыктын бир бөлүгү. Маанилүү бөлүгү. Алардын ички дүйнөсүндө кандай гана көйгөй, жүрөк өйүгөн маселе болбосун, биз аны чечкенге аракет кылабыз.

Эми жаштык курак, ар кандай маселе болуп калышы мүмкүн, кыз бала ата-энесин сагынат. Же бойго жеткен кыз сүйүү деген сезимдер кыйнаган учурлар болот. Окуусу, же башка түйшүктөр болот.

Айрым учурларда керек болсо Айсулуунун ата-энесине, жигитине сүйлөшүүгө барабыз. Күрөштөн көңүлүн бөлбөй, анын айрым жоруктарына түшүнүү менен мамиле кылгыла, жеңишке болгон умтулуусуна силер да мотивация бере турган мамиле жасагыла деп сүйлөшүп, комплекстүү иш жүрөт да.

Спорттук күрөш өнүккөн мамлекеттерде зор жоопкерчиликтүү даярдык убагында спортчуну коомчулуктун назарынан бөлүп, керек болсо башкы машыктыруучуга, ана энесине да жолукканга эсептөөлү убакыттар бөлүнүп берилет. Биз ошолор менен мөөрөй талашууга даярданып жаткандан кийин өзүбүздө болгон, мамлекет, федерация түзүп берген мүмкүнчүлүктү максималдуу пайдаланууга аракеттер көрүлөт.

Күрөштөн тышкары мелдеш өткөн мамлекеттин географиялык жайгашуусу, климаты, шарттары, тамак-ашы баары эске алынат. Мелдешке барганда кандай учурда: эртерээк, же чукул барыш керекпи? Ушундай жагдайлар да эске алынат.

- Тамак (питание) тууралуу сөз кылып калдыңыз... Мен бир жолу Бишкектин бир кафесинен түштөнгөнү барып, Айсулуу, Мээрим Айпери болуп тамактанып жатканын көрдүм да. Кесипкөй спортто таза спортту камсыздоо максатында спортчуларды текшерүүдөн өткөрүп туруучу Бүткүл дүйнөлүк допингге каршы агенттиги (ВАДА) бар эмеспи. Сурайын дегеним, Айсулуу командалаштары менен кафеден эркин тамактанса тамакка, чайга, ичке суусуна ВАДА тыюу салган препараттардын бөлүгү кокусунан кошулуп кетет деген коркунуч болбойбу сиздерде? Спортчу кыздарыбыздын жей турган тамак-ашы кандай көзөмөлдөнөт?

- Бул эң тууралу суроо болду. Күрөш, энергияны көп талап кылган оор спорттун түрүнө кирет да. Спортчу канчалык көп энергия кетирсе, ошончо энергияны тамак-аш же башка витаминдер менен толтурат. Бизде кандай колориясы күчтүү тамак болсо спортчу аны жеш керек. Эмне жетпесе, ошону организм талап кылат. Күрөштө жеңил спорттогудай диета, катуу сакталган режим жок. 

Эми допинг кооптуулугу тууралуу... Бизде бул чоң проблема. Бүгүнкү күндө бизде эт каяктан келет, мөмө-жемиштер кандай өстүрүлгөн? Бул маселе ачык бойдон турат. Экологиялык жактан таза деп эч ким 100 пайыз кепил боло албайт.

Балбан кыздарга ири мелдештерден келгенде, дем алыш күндөрү ушундай көчөдөн тамактанышы мүмкүн. Бирок, мелдештин алдында, жакындаганда бул маселе кылдат көзөмөлгө алынат. Тамак аш, суу, баары ишеничтүү жерден алынат.

- Эми Айсулуунун кемчилик жактары тууралуу сурайынчы.... Айсулуу көбүнесе туруп күрөшүп, атаандашынын бутуна кирип, артына өтүп анан упайларды алат. Партерден иштегенде негедир аз жасайт ыкмаларды. Бул Айсулуунун физикалык жактан өтө күчтүү эместигиненби, же ушул жагынан ал алсызбы?

- 2017-жылы дүйнө биринчилигине даярдык-машыгуулардын жүрүшүндө Айсулуу 2 жыл мурда бир мелдеште Олимпиада чемпиону америкалык Хелен Марулис менен күрөшүп жатып оң ийинин оорутуп алган.

Андан 40 күндөн кийин Айсулуу Париждеги дүйнө чемпионатында бир колу ооруп жатып күрөшүп, коло байге уткан. Буга анын мүнөзүндөгү өжөрлүгү, тайманбастыгы жардам берди.

Кийин Азия чемпионатында сол ийинин оорутуп алган. Ошондон бери физикалык оордук келтирүүдөн карманып, техникалык жактан иштеп жатабыз.

Ал жаракаттан азыркыга чейин дарыланат. Мен Айсулууну өспүрүм кезинен билем, жеңишке болгон каалоосу күчтүү.

Бирок, буюрса, дүйнөлүк чемпионатка чейин калыбына келет. Ыкмалар, физикалык, психологиялык даярдыктар боюнча иштер алынып барылат.

- Айсулуу күрөштү үйрөнүп, көпчүлүктүн көзүнө илине баштагандан бери сиздин кол алдыңызда машыгып келатат. Анын кыялы, мүнөзү, оң-терс сапаттарын беш колдой жатка билсеңиз керек... 

Орустын грек-рим күрөшчү алп балбаны Александр Карелин өспүрүм кезинде бир мелдеште утулуп, ага аябай катуу ызыланган экен. “Эми күрөшкө такыр катышпайм”, деп таарынып үйүнө жатып алыптыр. Анын келечеги, физикалык, техникалык сапаттарын байкаган машыктыруучулар аны килемге (күрөш) кайрадан алып келип, бекем эрктүү, кайраттуу сапаттарга үйрөткөн экен үч жолу Олимпиаданын алтын медалын утканын, көп жыл дүйнөнүн эң алп балбаны болгонун бүтүндөй дүйнө эли жакшы билет. 

Сурайын дегеним, Айсулуу деле утулганда, ушундай абалга түшүп калганда “спортту таштайм”, “кетем” деген учурлары болгонбу?

- (күлүп) Албетте болгон, бирок кийин айтып жатпайбы аны. Туура суроо болду. Мен Айсулууну такшалсын деп, жашы жете электигине, күчкө толо электигине карабай чоңдор арасындагы мелдештерге катыштырчумун. Мелдештерге алып барам, биринчи эле кармашта жеңилет. Барабыз, чыгат, жеңилет. 2012-жылы Лондондо өтүүчү Олимпиадага катышууга лицензия утуп калсын деген үмүт болчу да.  Ошентип 10дой мелдешке бардык. Ийгилик жок. Бирок, ал өжөр, беттегенин бербеген тайманбас мүнөзү менен улам такшалып отурду. Ошентип Айсулуу азия чөлкөмүндө, дүйнөлүк аренада жаштар арасында болобу, чоңдор арасында болобу, бир да ийгилик жаратпай туруп, 2012-жылы Казакстандын Нур-Султан (ред-Астана) шаарында Лондон Олимпиадасына лицензиялык мелдеште күрөшүп, финалга чыгып кетти. Муну менен Олимпиадага жолдомо алган. Ошондо ыйлап келип мага айтып жатпайбы “агай мени көп мелдештерге алып барасыз, жыйынтык чыкпаса деле алып бара бердиңиз. Жеңилем, бетим чыдабай аябай уялып, ызаланган күндөр көп болду. Эгерде ушул лицензия берүүчү мелдеште ийгилик жарата албасам, анда күрөштөн кетип, башка тармкатарда жумуштар менен алектенем деп өзүмө сөз берген болчумун”, - деп айткан. Эми кетеби кетпейби эле ал башка маселе, бирок, ошондой болгон экен. Эми спортто ар бир эле спортчуда болсо керек мындай абал?... 

- Нурбек мырза, мына Айсулуу Тыныбекова Азия чемпионатын үч жолу удаасы менен утуп алган кайталангыс балбан кыз. Борбор Азияда мындай спортчу кыз жок. Сиз ушундай мыкты балбан кызды машыктырдым деп сыймыктанасызбы? 

- Эми Албетте, кыргызда баатыр кыздардын чыгышы керек. Анткени улуттун канында бар. Чынында үч жолу удаасы менен Азия чемпионатын утуп алган кыз жок биздин кошуна Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Тажикстанда. Борбор Азияда чөлкөмүндө мындай спортчу кыздын Кыргызда эле болушу мен үчүн эле эмес, бүтүндөй кыргыз эли үчүн да зор сыймык деп ойлойм. Эми бул чек эмес буюрса... Айсулуунун келчеги, чоң ийгиликтери али алдыда. Дүйнө чемпионатынын, Олимпиада оюндарынын жогорку пробадагы медалдарын алганда “мен Айсулууну машыктыргам, мен мунун менен сыймыктанам!” деп ишеничтүү айтам.

- Буюрса Жараткан ошол ийгиликтерге жеткирип, эгемен Кыргызстаныбыздын желеги бийикте желбирей берсин! Маегиңизге рахмат.

 

Ссылка: https://barometr.kg/nurbek-izabekov-ajsuluu-tynybekova-myndan-8-zhyl-murda-cho-sportton-taptakyr-ketip-kala-zhazdagan



Добавить комментарий

  • Техникалык катабы, же грамматикалык катабы...Айтор, каталарыңарды оңдоп чыгаргылачы. Журналисттер кыргыз тилинин жүзү болуш керек. Анча-мынча адамдар, ушундай жазылат турбайбы, демек, биз деле туура эле жазып жатыптырбыз,- деп ойлоп калышы мүмкүн да.