Нураида Анаркулова жаштардын Дүйнө чемпионатынан коло медаль утту

17 августа 2019 09:24 991 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстандык балбан кыз Нураида Анаркулова жаштардын Дүйнө чемпионатында үчүнчү орунду ээлеп, коло байга утту.

Бул тууралуу машыктыруучу Байгазы Кенжебаев “barometr.kg” сайтына билдирди.

Күрөштүн түрлөрү боюнча Жаштар арасында Дүйнө чемпионаты Эстониянын баш калаасы Таллин шаарында өтүп жатат.

57 кило салмакта коло үчүн ал индиялык Bharti BAGHEL менен кармашып, упай айырмачылыгы менен утуп кетти. Бул салмакта япон кызы Akie HANAI украиналык Alina AKOBIIA’ны утуп чемпион болду. Нураида бул мелдеште дал ушул чемпион болгон япон кызына баштапкы айлампада жеңилген болчу.

Ссылка: https://barometr.kg/nuraida-anarkulova-zhashtardyn-djn-chempionatynan-kolo-medal-uttu



Добавить комментарий