Нур-Султандагы Коргонуу университетинин алдына Назарбаевдин айкели тургузулду (Сүрөт)

3 июля 2020 16:54 1461 Barometr
Поделиться в:
ok

Казакстанда Елбасы атындагы Коргонуу улуттук университетинин алдына Нурсултан Назарбаевдин эстелиги коюлду. Бул туурасында мамлекет башчынын сайтына таянып «Барометр» билдирет.

Анын ачылыш аземине президент Касым-Жомарт Токаев онлайн режиминде катышты.

Токаев Назарбаев көз карандысыз өлкөнүн стратегиялык өнүгүү жолун жана элди бир түндүктүн алдына бириктирген заманбап Казакстандын негиздөөчүсү болуп саналарын баса белгиледи.

"Назарбаев президент болуп турган кезде Аскердик курулуштардын мыйзамдык жана укуктук-нормативдик базасы иштелип чыккан. Куралдуу күчтөрдүн курамы негизделген. Армия кайрадан курал менен камсыздандырылып, заманбап инфраструктура түзүлгөн", — деп билгиледиТокаев.

Эскерте кетсек, бүгүн боордош казак элинде Нурсултан Назарбаевдин 80 жылдык мааракеси жана анын ысымы ыйгарылган борбор калаанын күнү майрамдалууда.

Ссылка: https://barometr.kg/nur-sultandagy-korgonuu-universitetinin-aldyna-nazarbaevdin-ajkeli-turguzuldu-srt



Добавить комментарий