Новосибирсктеги жарылууда 3 кыргызстандык жабыркады
Новосибирск шаарындагы автогаз куюучу жайда болгон жарылууда үч кыргызстандык жабыркады. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматына шилтеме берип "Барометр" блдирет.
Жарылуу кечээ, 14-июнда, саат 18:00дөр чамасында Новосибирск шаарындагы Октябрь районунун Гусинобродское шоссе көчөсүндө болгон. Алдын ала маалымат боюнча, кырсыктан 30дан ашуун киши жабыркаган.
Маалыматка ылайык, окуя болгон жер кыргызстандыктар жашаган аймакка жакын.
«Жабыркагандардын арасында ар кандай деңгээлдеги күйүк алган Кыргызстандын үч жараны бар экендиги аныкталган. Ошол замат Башкы консулдуктун кызматкерлери Новосибирск облустук клиникалык ооруканасынын күйүк бөлүмүнө барышты», — деп айтылат билдирүүдө.
Жабыркагандар Ош облусунун тургундары. 53 жаштагы жарандын денесинин 20 пайызы күйгөн. Дарыгерлер анын абалы туруктуу жана өмүрүнө коркунуч жок экенин айтышкан. 20 жаштагы экинчи жарандын денесинин беш пайызы күйгөн. Ооруканада медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин үйүнө чыгарылган. Жабыркаган үчүнчү кыргызстандык 33 жашта. Денесинин жети пайызы күйгөн. Алгач шок абалында болгондуктан кырсык болгон жерден кетип калган. Кийинчерээк Башкы консулдуктун кызматкерлери менен байланышып, алардын жардамы менен ооруканага жеткирилген.
Ошондой эле, өрттүн жана жарылуунун натыйжасында Кыргызстандын жараны ижарага алып иштетип жүргөн кафе жана кыргыз жараны иштеген дөңгөлөк алмаштыруучу жай күйүп кеткендиги аныкталды.
Өрт болгон жерде Башкы консулдуктун кызматкерлери жарандар менен жолугушуу өткөрүп, паспорту күйүп кеткен бир жарандын документин калыбына келтирүүгө аракеттерди көрүүдө.
Ссылка: https://barometr.kg/novosibirsktegi-zharyluuda-3-kyrgyzstandyk-zhabyrkady
Добавить комментарий ×