Новопокровкада балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрүнүн унаасы уурдалды

20 мая 2021 16:59 743 Айпери Эшенкулова
Поделиться в:
ok

Чүй облусунун Новопокровка айылынан 19-майда "Биздин үн" социалдык балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрүнүн унаасын уурдап кетишти. Маалыматты аталган балдар үйүнүн кызматкерлери социалдык тармактагы баракчасы аркылуу жазып чыгышты. Бул тууралуу “Барометр” билдирет.

"Окуя кечээ, 19-май күнү болжол менен саат 23:00дөн эртең мененки 06:00гө чейинки убакытта болгон. Унаанын үлгүсү Daewoo Damas, 2000-жылы чыккан, мамлекеттик номери - О 9647 АХ”,- деп айтылат маалыматта.

Маалыматка караганда, балдар уурдалган унаа менен тамак-ашка жана бардык керектөөлөрү үчүн каражат табышчу.

Эгерде, бул тууралуу кандайдыр бир маалыматыңыздар   болсо же унааны көрүп калсаңыздар төмөнкү номерлерге кабарап коюуңуздарды өтүнөбүз.

Байланыш үчүн телефон номурлар: 0771 22 17 71,  0701 99 17 11

Ссылка: https://barometr.kg/novopokrovkada-baldar-jnn-btrchlrnn-unaasy-uurdaldy



Добавить комментарий