Новопавловкада пластик сакталган кампа, жыгач иштетүүчү цех жана унаа оңдоочу жай өрттөнүп кетти

9 января 2023 11:36 1233 Barometr
Поделиться в:
ok

Новопаловкада кампа өрттөнүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын маалыматына таянып “Барометр” билдирет.

Маалым болгондой, бүгүн, 9-декабрда Сокулук районуна караштуу Новопавловка айылынын Фрунзе көчөсүндө жайгашкан кампадан өрт чыккан.
“Тилсиз жоону өчүрүүгө таңкы саат 5:17де Ленин райондук №6 ӨКБдан 2 бөлүм, буга кошумча саат 06:10до №23 ӨКБдан 1 бөлүм, жалпысынан 3 бөлүм жана саат 06:11де Штаб тартылган.

Такталган маалыматка ылайык, кампадан чыккан өрт саат 06:41де чектөөгө алынып, 09:34тө толук өчүрүлдү. Өрт курчаган жалпы аянт 340 чарчы метрди түзүп, пластик сакталган кампа, жыгач иштетүүчү цех жана унаа оңдоочу жайдын чатыры күйгөн.

Өрттөн жабыркагандар жок.Учурда кырсыктын келип чыгуу себеби такталууда” -деп айтылат маалыматта.



Ссылка: https://barometr.kg/novopavlovkada-plastik-saktalgan-kampa-zhygach-ishtetch-ceh-zhana-unaa-odoochu-zhaj-rttnp-ketti



Добавить комментарий