Новиков: Кытайдан заводдго керектүү жабдууларды алып келүүгө өкмөт жардам берет

28 ноября 2020 11:51 985 Barometr
Поделиться в:
ok

 Премьер-министринин милдетин аткаруучу ч биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Чүй облусундагы иш сапар менен барды.Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.  

Кайыңды шаарындагы «Металл-Кен» ЖЧКнын негизги металлдарды жана даяр металл буюмдарын өндүргөн жана кайра иштеткен заводдун иши менен таанышты.

«Бүгүнкү күндө ишкана ачылууга толугу менен даяр, бирок коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу аны ишке киргизүү кийинкиге калтырылды. Быйыл өндүрүштү ишке киргизүүнү пландалып, бирок коронавирус пандемиясы өзгөртүүлөрдү киргизгенин билемин. Ишкана 2021-жылдын биринчи кварталында ишке кирет деп ишенем. Кытай Эл Республикасынан буйрутмага берилген керектүү жабдууларды жана заводдун жумушчуларын окутуу үчүн адистерди өлкөгө алып келе албай жатканыңыздар менен кабарым бар. КРнын өкмөтү бул маселени ыкчам чечүүгө жардам берет. Тиешелүү мамлекеттик органдарга тапшырмалар берилет», - деди Артем Новиков.

Өндүрүшкө салынган инвестициянын жалпы көлөмү 50 миллион АКШ долларын түзөт. Завод толук өндүрүштүк циклге ээ жана металл прокатынын түрүн чыгарат: арматуранын бардык түрлөрү жана сапаттуу металл буюмдары. Өндүрүштүн жылдык пландаштырылган көлөмү 200 миң тоннадан ашык болоттон жасалган буюмдар түзөт.

Өндүрүштүн жылдык пландаштырылган көлөмү 200 миң тоннадан ашык болоттон жасалган буюмдарды түзөт.

Заводдо 500гө жакын адам иштейт, анын ичинен 200дөн ашууну Кайыңды шаарынын жана жакынкы калктуу конуштардын тургундары.

Ссылка: https://barometr.kg/novikov-kytajdan-zavoddgo-kerekt-zhabduulardy-alyp-kelg-kmt-zhardam-beret



Добавить комментарий