Новиков: Кыргызстанда мамлекеттин чыгымдары мурунку жылдын кирешесинен ашпашы керек
Кыргызстанга келген тышкы жардам экономикалык өнүгүүгө гана багытталат жана кайтарым мүнөзгө ээ. Бул тууралуу КРнын премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Новиков, Кыргызстан ички ресурстарды натыйжалуу пайдаланып, өздүк каражаттардын эсебинен жашоону үйрөнүшү керек деп билдирди.
«Биз КРнын Бюджет кодексине кийинки жылдын чыгымдары мурунку жылдын кирешесинен ашпашы керек деген норманы киргизишибиз керек. Бюджетти түзүүдөгү мамилени өзгөртүү зарыл. Бардык социалдык милдеттенмелер, мамлекеттик карызды төлөө жана бюджеттин корголгон беренелери боюнча башка чыгымдар салыктык түшүүлөрдүн эсебинен гана каржыланат. Тышкы жардам экономикалык өнүгүүгө гана багытталат жана кайтарым мүнөзгө ээ. Албетте кийинки жылы калкты иш менен камсыз кылуу КРнын Өкмөтүнүн артыкчылыктуу багыты болуп саналат», - деп белгиледи премьер-министрдин м.а.
Өзгөчө көңүл экономиканы калыбына келтирүү жана аны туруктуу өнүктүрүүгө бурулат.
«Ал үчүн биз атамекендик бизнести колдоого алып, коргойбуз жана инвестициялык жагымдуулукту жогорулатабыз. Ошондой эле алдыда бюджеттин туруктуулугун камсыздоо жана кошумча резервдерди табуу боюнча милдет турат. Биз Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бардык программаларын ишке ашыруу үчүн бардык күч-аракеттерди жумшайбыз. Бул бизге өлкөнүн экономикасынын туруктуулугун жана өнүгүүсүн камсыздоого мүмкүндүк берет», - деп жыйынтыктады Артем Новиков.
Добавить комментарий ×