Ноокенде жол кырсыктан жети адам каза болду

4 марта 2020 09:59 729 Barometr
Поделиться в:
ok

Ноокен районунда 4-март күнү болжол менен түнкү саат 01:00 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 493-чакырымында (Бүргөндү айылы) “Мерседес-Вито” жана “Хонда-Жаз” үлгүсүндөгү унаалардын катушуусунда жол кырсыгы катталган. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Жол кырсыктын кесепетинен жалпы 7 адам каза болуп, 6 адам жабыркаганЖабыркагандар Шамалды-Сай шаарчасындагы ооруканага жеткирилген. Ал эми каза болгон адамдардын сөөгү Кочкор-Ата шаардык ооруканасынын өлүк сактоочу жайына жеткирилген.

ӨКМден 4 куткаруучу, тез жардам жана ИИМ кызматкерлери тартылып, куткаруучулар жабыркаган жарандарды унаадан чыгарышып тез жардам кызматына, каза болгон жарандардын сөөгүн ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Ссылка: https://barometr.kg/nookende-zheti-adamdyn-mrn-algan-zhol-kyrsygy-kattalgan



Добавить комментарий