Ноокенде мурда өткөн тендер үчүн 74 миң сом пара сураган эсепчи кармалды
Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы (финансы полициясы) Жалал-Абаддын Ноокен районунун Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси М.А.ны пара алууга шектеп кармады. Ал ишкерден мурда утуп алган тендер үчүн акча талап кылып, 14-августта анын жарымын алып жатканда колго түшкөн. Бул тууралуу финансы полициясынын маалымат кызматы бүгүн билдирди.
Маалыматка ылайык эсепчи тарабынан 74 миң сом акча талап кылынып жатканы боюнча Ч.А. аттуу башка ишкерден финполдун Жалал-Абад облустук бөлүмүнө арыз түшкөн.
Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине "пара талап кылуу" беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Анын жүрүшүндө эсепчи кызмат абалынан пайдаланып, курулуш материалдарын ташып келүү боюнча мурда өткөт тендер үчүн аны жеңген ишкерден 74 миң сом талап кылганы аныкталган.
Ыкчам иш чаралардын жүрүшүндө шектүү талап кылынган акчанын 40 миң сомун алып жатканда кармалган. Баш коргоо чарасы каралганга чейин ал облустук милициянын убактылуу кармоо жайына камакка алынды. Тергөө уланууда.
Ссылка: https://barometr.kg/nookende-murda-tkn-tender-chn-74-mi-som-para-suragan-esepchi-karmaldy
Добавить комментарий ×