Ноокенде мектеп окуучусу сабалып, ооруканада жатат

10 июня 2021 09:55 918 Айпери Эшенкулова
Поделиться в:
ok

Жалал-Абадд облусунда 1-июнда мектеп окуучусун топ балдар сабап кетишти. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБне шилтеме берип "Барометр" билдирет. 

Маалыматка ылайык, Ноокен РИИБге 31 жаштагы райондун тургуну арыз менен кайрылган. Ал өз арызында 1-июнь күнү саат 14:00 чамасында 2005-жылы туулган инисин топ балдар уруп койгондугун билдирген.

Жабырлануучу алган жараатынан улам ооруканага жаткырылган.

"Бул факт Ноокен РИИБге катталып, Жазык кодексинин 266-беренеси менен кылмыш иши козголгон. Окуяга катыштыгы бар балдардын өздүктөрү такталып, тергөөгө камсыздалган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат", - деп айтылат маалыматта. 

Ссылка: https://barometr.kg/nookende-mektep-okuuchu-sabalyp-oorukanada-zhatat



Добавить комментарий