Ноокенде дайынсыз болуп жаткан өспүрүм Таш-Көмүрдөн табылды

10 февраля 2022 17:56 909 Barometr
Поделиться в:
ok

Ноокенде дайынсыз болуп жаткан өспүрүм Таш-Көмүр шаарында табылып, ата-энесине өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматынын маалыматына таянып "Барометр" билдирет.

Ноокен районунун 1979-жылы туулган тургуну Ихтиер Юлдашев милицияга арыз менен кайрылып, 2022-жылдын 4-февралынан бери 15 жаштагы уулу Исламбек үйүнөн мектепке чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгонун билдирип, аны табууга көмөк көрсөтүүнү суранган.

Бул факты боюнча Ноокен РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, багыттамалар жөнөтүлүп, издөө иштери башталган.

Исламбек Таш-Көмүр шаарында ата-энесинен жашынып жүргөн жеринен табылган. Исламбек ата-энесине өткөрүлүп берилди.

Исламбек ата-энесинин катышуусунда берген көрсөтмөсүндө, 2022-жылдын 4-февраль күнү үйүнөн мектепке кеттим деп чыгып кеткендигин, себеби атасы урушуп койгондугун, кийин Таш-Көмүр шаарында соода-сатык дүкөндөрдө ар кандай жумуштарды жасап, өзүнүн курсагын тойгузуп, ата-энесинен жашынып жүргөндүгүн билдирген.

Өз кезегинде Исламбектин ата-энеси баласы табылганына сүйүнүп жатышкандыгын, милиция кызматкерлерине ыраазы экендиктерин билдиришти.


Ссылка: https://barometr.kg/nookende-dajynsyz-bolup-zhatkan-sprm-tash-kmrdn-tabyldy



Добавить комментарий