Ноокаттын ооруканасына жеке ишкер тез жардам унаасын белек кылды
Ош облусуна караштуу Ноокат райондук ооруканага жеке ишкер Расул Айдаров тез жардам унаасын белек кылды. Бул тууралуу жакындары социалдык тармакта жарыялашты.
Barometr.kg сайтынын кабаочысы Айдаров менен телефон аркылуу байланышканда, эмне үчүн унааны белек кылганын түшүндүрүп берди.
«Биздин үй-бүлѳнүн атынан ооруканага белек тартууладык. Облусту, районду камсыздаган эски тез жардам машинасы буга чейин камсыздап келген. Ноокат районун калкы кѳп болгондуктан ыңгайсыздыктарды алып келсе керек . Ошондуктан заман талабына ылайык тез жардам унаасын тартууладык», - деди Расул Айдаров.
Ош облусуна караштуу Ноокат районунда 16 айыл ѳкмѳтү бар.
Ссылка: https://barometr.kg/nookattyn-oorukanasyna-zheke-ishker-tez-zhardam-unaasyn-belek-kyldy
Добавить комментарий ×